Туулган күнү болуп жаткан адам жакындарынын куттуктап келгенине бир чети жетине албай турса, бир чети «бир жашка жашым өйдөлөдү» деп ойлонору бышык. Ушундай ой толгоолордун башын кошуп, ырчы Сема оригиналдуу ыр жаратты. Ал ыр “Туулган күн” деп аталат. Белгилүү “Бандэрос” тобунун стилине окшогон бул ыр өзүнө рэп жана хип-хоп стилин камтыйт. Аталган ырды WWW.SUPER.KG сайтындагы Медиа-порталдан уксаңыздар болот.