Таласка туугандарына учурашканы барган ырчы Кайрат Примбердиев өмүрүндө биринчи жолу аялдын төрөтүн кабыл алды. Кайрат жездеси менен бир айылдан экинчи айылга жол тартып баратса, ай-күнүнө жетип толготуп жаткан аял жол тосуп калат. Эки айылдын ортосундагы талаага жеткенде баланын башы чыгып калганын айткан аялдын төрөтүн кабыл алышат. Биринчи жардамын көрсөтүүгө катышкан ырчы наристени энеси менен ооруканага жеткирген.