Буга чейин бир нече чет өлкөнүн журналдарынын жүзү болуп келген Ассоль айым эми француздар менен да иштешип көрүүнү чечти. Жакында эле белгилүү болгон “Uriage” компаниясынын жүзү болду. Француздар Ассолго чоң суммадагы келишим сунуштоо менен катар Париж шаарына жолдомо берип, белгилүү бутиктерден соода кылуусун да камсыз кылышат. Учурда Ассоль айым аталган журналдын жарнама роликтерине тартылуу менен алек болууда.