Эл ичинде «карт бойдок» атыгып жүрүп, анан түгөйүн тапкан ырчы Турдалы Аскарбековдун үйлөнгөнүн мурунку сандарыбыздын биринде жазган элек. Ырчы бул жолку туулган күнүн келинчегинин, кайын журтунун тегерегинде белгиледи. Жубайы өзгөчө белек берейин деген ой менен борбордогу спорттук, көңүл ачуу комплексине жолдомо алып берип Турдалыны сүйүнттү.