Улуту орус болгону менен сүйлөгөн сөзү, жан дүйнөсү кыргызга айланган ырчы Алекс кыздуу болгон эле. Кызынын атын продюсери Ассоль Аяна деп койгон. Мусулман атын ыйгаргысы келген ырчы бул атты Раяна деп өзгөрткөн. Бул сөздү кыргызча которгондо “бейиштин төрү” дегенди билдирет экен. Алекстин жаңылыгы бул гана эмес. Ырчы жакында жеке концерти менен түштүк жергесин кыдырууну да пландап жатат.