Сахнанын ажарлуу ырчысы Бактыгүл
Бадыева 22-февралда Алайга барып, чоң энесинин кыркын өткөрүп келди. “Чоң энемдин арбагы ыраазы болсун” деген ырчы союшунан тарта, тамак-ашына чейин өзү көтөргөн. Куран окутуу 23-февраль майрамына туш келгендиктен, Бактыгүл бардык Бадыевдерди майрамы менен куттуктап белек да бере келди.