СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИН ТУУРА ИЧҮҮНҮ БИЛЕСИЗБИ?

  • Спирт ичимдигин ичээрдин алдында майлуу нерседен бир-эки сугунуп алыңыз. Чийки жумуртканы же болбосо бир кашык өсүмдүк майын ичип алсаңыз да болот. Булар организмдин алкоголду сиңирүүсүнө тоскоол болот.
  • Ичээрден мурун бир кружка жалбыз кошулган коюу чай же лимон кошулган кофе ичип алыңыз.
  • Ичүүнү таттуу винодон, шампандан же коньяктан баштабаңыз.
  • Ичилген ар бир рюмкадан кийин бир нерсе жеп туруңуз. Картошка, нан, туздалган капустадан көбү­рөөк жеңиз.
  • Ичкенден кийин желүүчү эң жакшы нерсе – лимон.
  • Көп ичкен болсоңуз, суук күндөрү таза абага чыкпаңыз. Болбосо мастыгыңыз күчөп, эмне кылганыңызды билбей калууга чейин барышыңыз мүмкүн.
  • Кызуу кезиңизде тамекини азыраак чегиңиз. Тамеки мастыгыңызды 1,5-2 эсе күчөтүп жиберет.
  • Минерал суусун көбүрөөк ичиңиз. Ушул эле минерал суусуна кесилген лимон кошуп ичүү мастыгыңыздын тарашына жакшы таасирин тийгизет.
  • Ичкендин эртеси башыңыз ооруп турганда канчалык каалабай турсаңыз да, эшикке чыгып сейилдеп келүүгө аракет жасаңыз. Таза абадан терең-терең дем алсаңыз, бул зат алмашууну ылдамдатып, өзүңүзгө келүүгө жардамын тийгизет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Timur02
2015-07-23 15:52:17
2006 -жылкы тема экен ал убакта интернет мине экенин билбейт элек
0
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан