Окумуштуулардын божомолдоолоруна таянсак, эротикалык оюндар алгач жаныбарларда пайда
болуп, кийинчерээк адамдарга өткөн. Ал эми адамдардагы эң алгачкы мындай оюн эркек менен айымдын бирин-бири куушуп, жеткен жерден кучакташып, өбүшмөйү эле. Азыркы кезде эротикалык оюндардын түрлөрү көп. Аларды колдонуунун максаты – төшөк кумарын өзгөчө кызыктуу кылуу...
“ҮЙ КЫЗМАТЧЫСЫ” МЕНЕН “КОЖОЮН”
Бул оюнду сүйүктүүңүз төшөктө эс алып жаткан кезинде же кечинде жатаарда, же эртең менен ойгоноордо колдонсоңуз ыңгайлуу. Алгач сизге бир аз даярдануу керек болот. Мисалы, денеңизге чыпташкан, жамбаштын учун чала-була жапкан кыска жана көкүрөгү ачык көйнөк кийип, алжапкыч тагынып, башыңызга бир байлам жоолукту салынып алыңыз. Тарелкага азыраак жер-жемиш салып алып төшөктө жаткан жерине алпарып бересиз. Албетте, “кожоюнду” “үй кызматчысынын” дене-мүчөсү дүүлүктүрөт. Аппак сандарына көз артып тийише баштайт. Мындайда сиздин да кылыктанганыңыз оюнду ары кызыктуу кылаары ажеп эмес. Оюн төшөк кумары менен аяктайт.
“КАТЧЫ АЙЫМ” МЕНЕН “ЖЕТЕКЧИ”
Үйдө сүйүктүүңүздүн столдун четинде отуруп алып китеп же гезит окуп жаткан, же бир нерсе жазып отурган учурлары көп эле болсо керек. Мындай учурду текке кетирбей, дароо оюнду баштасаңыз болот. Ал үчүн кызматтагы катчы айымдардай кийинип алыңыз (мисалы, кыска юбка, кофта же пиджак). Атүгүл көз айнек тагынып алсаңыз да максатка ылайыктуу. Андан кийин жанына барып, төрт аяктаган калыпта ал отурган столдун астына кирип кетиңиз. Эми шымынын белин чечип жиберип, “алигисин” колуңуз менен кармалай баштаңыз. “Жетекчиңизге” бул “кызматыңыз” сөзсүз түрдө жагат. Дүүлүккөн неме албетте, сизди дароо төшөккө сүйрөйт.
“СОЙКУ” МЕНЕН “КАРДАР”
Каалаган убагыңызда “сойкуга” айланыш сизге эч кандай кыйынчылык туудурбайт. Ич кийимдериңизди (көкүрөк тарткыч менен трусаны) кийбей эле коюңуз. Жылаңач денеңиз көрүнүп тургандай үлбүрөгөн жука көйнөк же кофта кийип алыңыз. Бутуңузда болсо бийик такалуу бут кийим болгону жакшы. Акырында жарашпаганына карабай аябай боёнуп алыңыз. Үйүндө бир заматта пайда болгон “сойкуну” сүйүктүүңүз колдон чыгарбай, төшөктө болушунча пайдаланып калууну каалай тургандыгына ишенсеңиз болот. Мындайда сиздин негизги милдетиңиз – төшөктө “кардарыңыздын” ою менен болуп, каалаганын аткаруу.
“ДОКТУР” МЕНЕН “ООРУЛУУ”
Бул оюнда ак халат, ак байпак кийип, өзүңүздү доктур катары сезгенге аракет кылыңыз. Алгач гигиена боюнча “оорулууну” ваннага же душка алып кирип, өз колуңуз менен жуунтуңуз. Андан кийин жерге чалкасынан жатуусун сураныңыз да, экинчи “процедураны” баштаңыз. Башкача айтканда, “алигисин” колдоруңуз менен назик укалоого өтүңүз. Эгер дитиңиз тартса, буга удаа эле “алигисин” оозуңуз менен эркелетиңиз да, “ой, кечиресиз, өзүмдү кармай албай кеттим” деп айтыңыз. Ансыз да дүүлүгүп араң жаткан “оорулуу” дароо сиз менен төшөк кумарына батууга өтөт.
“СЫЙКЫРДУУ” ТҮН
Бөлмөнүн ичине шамды жагып, жай музыканы коюп, кыскасы, романтикалык жагдайды түзөсүз. “Бүгүн бардык каалоолор аткарылчу түн”,- деп жарыя кыласыз. Өз алдыңызча актай баракка төшөктө эмне каалап жатканыңызды тизмелеп жазасыз. Муну сүйүктүүңүз да аткарышы абзел. Жазып бүткөн соң бири-бириңер менен барактарыңарды алмашып, ким эмне каалап жатканын окуп билет. Натыйжасында, “сыйкырдуу” түндө сиз анын, ал сиздин каалагандарыңызды төшөк майданында аткарышы керек болот.
Даярдаган Астра Айдарова