Ат-Башынын кулуну ырчы Тойчу Мамыров “Ат-Башым” деген ырына клип тарттырды. Патриоттук сезимди козгой турган бул ырдын клибине Ат-Башыдагы Таш-Рабат, Кошой- Коргон сыяктуу тарыхый жерлер тартылды. Ырында туулган жерин даңазалаган ырчы клип тартабыз деп машина барбаган тоолуу жерге ат менен барып ооруп да калган.