19-мартта Нооруз майрамына карата Алматы шаарында болуп өткөн чоң концертке ырчы Айчүрөк Иманалиева да катышып келди. Концертке Роза Рымбаева да катышкан. Розадан кийин сахнага чыгуу кезеги келген Айчүрөк “залдагылар мени анчалык колдошпосо керек” деп бушайман болгон. Бирок улуттук кийим менен чыгып Атайдын “Күйдүм чогун” ырдаганда залда отургандын баары ордуларынан туруп кол чабышкан.