Кыздар бул ырчынын жылмаюусуна эле арбалып калышары турган иш. Жылмайганда жылдызы жана түшкөн ырчы Эрмек Маматовго достору Тойота Камри үлгүсүндөгү машина белек кылышты. Кара-жашыл түстөгү машинанын ээсине айланган Эрмек дос баласы менен бирге эки бөлмөлүү квартира да сатып алууга жетишти. Буга ырчы: “Биз азырынча бойдокпуз. Кийин үйлөнгөндө үйдү сатып, тең экиге бөлүп алабыз да”,- дейт күлүп.