“Кыргызстан Обондору” радиосунун мындан бир жарым жыл мурунку ди-джейи кайрадан аталган радиого кайтып келди. Ал актёрлугу менен элге таанылган Камчы Сарыбаев. Камчы 25-марттан тарта ди-джейлик кызматты таңкы 7ден 10го чейин аткарып келүүдө. Ошентип, уйку, бильярд дегендерден кол жууган Камчы эртең менен ди-джей, түштө актёр, кечинде балдардын атасы болууда.