Пираттык дисктерди даярдоочулар Акбар Сүйүнбаевдин “Гүлүм” аттуу ырына Ташкент кызы Гүлдүн “Барам сага” клибинен алып өзүнчө клип чыгарышкан. Буга жини келген ырчы: “Мени көпчүлүк ошол клипти тартты деп билишүүдө. Булар менен соттошконго чейин барам”,- дейт нааразылана.