АЙТУРГАН ТЕМИРОВА ЫРЧЫ БОЛОМ ДЕЙБИ?

Кыргыздын белгилүү актриса кызы, чех элинин келини Айтурган Темированын «Аруузат» деп аталган биринчи компакт-диски жарыкка чыкты. Компакт-дискке Айтурган Темированын аткаруусундагы он эки ыр кирди. Булардын көпчүлүгү фольклор багытына жакын ырлар. Актриса-ырчы үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкекке келгенде ырларын жаздырып кеткен эле. Чехиянын Прага шаарынан чыккан компакт-диск жакында эле ээсинин колуна тийди. Буюрса, жакында Айтурган айым өз мекенине келип, компакт-дискинин бет ачар аземин өткөрөт экен.

СЪЕЗДБЕКТИН СҮЙГӨН КЫЗЫН АЛА КАЧЫП КЕТИШТИБИ?
Жаш ырчы Съездбек Искеналиев «Боз салкын» аттуу киного тартылып жакында эле Көл тарапка кеткен болчу. Ушуну эле күтүп турушканбы, Съездбектин көптөн бери сүйлөшүп жүргөн кызын таластык эргулдар бөктөрө качышты. Бул окуя кыздын классташтары менен эс алганы кафеге барган жеринен болуптур. Байкуш кыз эмне кылмак эле, көз жашы көл болуп кала бериптир. Ал эми Съездбектин бул жагымсыз жаңылыктан али кабары жок. Достору бул кабарды кантип Съездбекке угузушаарын билбей баштары катып турган чактары экен.

«ТАЛАСТЫК КЫЗДЫН» ДАГЫ БИР АВТОРУ ПАЙДА БОЛДУБУ?

Ансыз деле талашка түшүп, чыры алиге чейин түгөнө элек Мирбек Иманбековдун аткаруусундагы «Таластык кыз» аттуу ырга ээлик кылган дагы бир автор чыкты. Бул мындайча болду. Жакында эле Султан Садыралиев Таласка концерт уюштурган эле. Концерт башталаарына аз калганда «Качкыла, мен «Таластык кыздын» автору болом» деп эшиктин оозунда тургандарды жөөлөп эле бир жигит кирип келет. Бул окуяга Мирбектин продюсери да күбө болот. Продюсер ал жигит менен жай сүйлөшө келгенде «Таластык кызды» Максат экөөбүз чогуу жазганбыз. Максаттын туура эмес жоруктарын гезиттерден окуп алып жаман болуп жатам. Мен биздин ырды Мирбек популярдуу кылып койгону үчүн ыраазымын» деп ыраазычылыгын билдирди. Бирок, чын эле бул жигиттин «Таластык кызга» тиешеси барбы, жокпу аны эч ким далилдей алган жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 188, 9-15-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан