ИВАН УРГАНТ

«Россия» каналындагы «Народный артист» телеберүүсү жарыкка чыкканга чейин Иван бир гана «MTV» каналынын жылдызы эле. Жаңы долбоорду алпара баштагандан тартып аз убакыттын ичинде миллиондогон жаш кыздардын жүрөгүн багындырган соң Иванга Орусиянын Биринчи каналынан чакырык келип түшөт. Өзүнүн өтө күчтүү жөн­­дөмдүүлүгү менен Иван Ургант учурда Андрей Малахов, Максим Галкин сыяктуу эң популярдуу шоумендердин катарында тураарында талаш жок.

Толук аты-жөнү – Ургант Иван Андреевич
Өзүнө жаккан жери – Сакалы
Өзгөчөлүгү – Эч нерседен жийиркенбегени (чычкандын этин жей алат)
Эсте калган окуясы – 24 жашында алгачкы жолу атка мингени
Жактырганы – Кичинекей балдар менен ойноо
Кесиптештери арасындагы кличкасы – «Прайм-таймдын мачосу»

Иван Ургант 1978-жылы 16-апрелде Орусиянын Ленинград шаарында атактуу Урганттардын үйбүлөсүндө жарыкка келген. Наристе 7 айлык болуп төрөлгөнүнө карабай чоң энеси атактуу актриса Нина Ургант жана өз атасы белгилүү актёр, телеалпаруучу Андрей Урганттар кичинекей Ванянын тагдырын ошондо эле бычышып, “келечекте биздин жолду жолдогон актёр болот” дешкен. Бирок, Иван балалыгында негедир элге таанымал болууну каалачу эмес. Алтургай эс тартып чоңойгондо да атасынын тилин албай, “мен эч кандай тасмага тартылууну каалабайм” деп үйүнөн качып кеткен күндөрү болгон. Ошентсе да болочок телеалпаруучунун балалыгы сахна артында белгилүү инсандардын арасында өткөн. “Эл сыйлаган актёрлордун бутуна чалынып ойноп жүрүп чоңойгондуктанбы, мен алардын турмушуна таптакыр кызыкчу эмесмин. Алтургай ошол кезде эле “минтип күн-түн дебей иштеп жүрүүнүн ордуна балдарынын жанында кө­бүрөөк болушса” деп аларды жаман көр­чү­мүн. Анткени, атамдын көбүнчө үйдө жок болгону мага жагымсыз эле”,- деп эскерет бул тууралуу телеал­па­руу­чу.
Мамлекеттик орус музейинин алдындагы гимназия-мектебин аяктаган соң атасынын каалоосу менен Иван таланттуулугу жагынан бааланып, тез эле Петербург театралдык искусство академиясынын экинчи курсуна отурат. Бул жерден болочок актёрдун сахнага койгон биринчи кадамы ишке ашып, Алиса Фрейндлих менен биргеликте алгачкы жолу спектаклде роль жараткан. Ошентсе да ал учурда жаш таланттын бул кесипке кызыгуусу ойгоно элек эле. Кээде жолдош балдары менен бир канча күнгө чейин кетип калып, театрдагы элге коюлуучу спектаклдерди үзгүлтүккө учураткан күндөрү да болгон. Балалыгынан эле өз алдынча болууну жактырган Иван “театрда иштеп мен өзүмдү бага албайт экенмин. Андан көрө акчалуу жумушка орношуп, окуумду которуп, кесибимди да алмаштырышым керек” деген чечимге келет. Жыйынтыгында, ата-энесинин урушканына карабай окуусуна таптакыр жолобой койгон. Ал эми кара курсакты багуу үчүн жөнөкөй эле кафелердин бирине официант болуп ишке орношот. Андан кийин бул тармакта өз аброюн өстүрүп түнкү клубдарда кечелердин алпаруучусу катары эмгектене баштайт. Муну менен эле токтоп калбастан Иван кийин ресторандарда официант жана испан ырларын катыра аткарган музыкант болуп да иштейт. Ошондон кийин Иван ырчы болууну чечип, музыка менен алектене баштаган. Жыйынтыгында, өз эмгегинен жаралган ырлар жыйнагын чогултуп, жеке өзү үчүн альбомун чыгарат. Бирок, Ивандын “ырчы болом” деген тилеги ушуну менен токтогон.
Өз жолунан адашып, алдынан чыккан кесиптерге урунуп жүрүп Иван кайрадан 1998-жылы 20 жаш курагында актёрдук кесибине кайтып келет. Ошол эле жылы кинокарьерасында “Трудное время” деп аталган тасмада алгачкы жолу роль жараткан. Андан бери белгилүү шоумен кино тармакты да таштабастан, бардыгы болуп 10 фильмге тартылган. Алардын ичинен Иван катышкан “Улицы разбитых фонарей”, “От 180 и выше”, “Он, она и я” кино тасмаларын жакшы билебиз.
Анткен менен Иван киного тартылуунун артынан да өз жолун таба алган эмес. 1999-жылы дагы бир жаңы тармакта өзүн сынамакка ди-джей катары радиотүйүндөрүнө бара баштайт. Жыйынтыгында, уккулуктуу жана орундуу сүй­лөгөндүгү менен Санкт-Петербург шаарындагы жергиликтүү “Супер радио” радиотүйү­нүнө жумушка орношот. Ошол эле учурда Петербург телевидениесинин “5-Каналында” кондитердик фабрикалардын сырлары туурасындагы берүүгө алпаруучулук кызматты да аркалайт. Бул иштери менен жаш журналист катары бул тармактагы тажрыйбалуу адистердин көзү­нө илинип жаңы жумуштарга чакыруулар келип түшө баштаган. Көп өтпөй “Супер радионун” эмес, “Русское радио”, “Хит-FM” радиотүйүн­дө­рү­нүн ди-джейи жана “5-Каналдын” эмес, «MTVнин», андан соң Орусияда рейтинги эң чоң Биринчи канал, «Россия» телеканалдарынын телеалпаруучусу катары өз атын даңазалай баштайт. Ошондон бери бир канча жеке берүү­лөрүн да жарыкка алып чыкты. Эфир жылдызы катары аткарган кызматы үчүн былтыр «ТЭФИ» сыйлыгынын ээси болууга жетишти. Ал эми учурда «Цирк со звёздами», «Смак» сыяктуу бир канча телеберүү­лөрдүн жүзү катары кандайдыр бир деңгээлде элине кызматын өтөп келет.
Көпчүлүгүбүз Иванды бир канча кыздардын жүрөгүн ээлеген бойдок жигит катары тааныйбыз. ММКлар болсо маал-маалы менен “Иван Ургант жакында үйлөнөт. Иван Ургант жакында ата болот” деген сыяктуу кабарларды таратып турушат. Бирок, жакында эле бул телеалпаруучубуздун дагы бир сыры ачылды. Көрсө, Иван 18 жашында, мектепти жаңы аяктаган курагында эле өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошуп, үлпөт тоюн да өткөргөн экен. Бирок, бул үйбүлө жарым жылдан кийин эле пикир келишпестиктердин айынан ажырашып кетишкен. “Мен эми өз алдымча үйбүлөмдү эч нерседен кем кылбай бага алган деңгээлге жеткенде гана үйлөнөм” деп ошондо өзүнө сөз берген бойдон Иван алигиче бойдок жүрөт. Анткени менен “Иван тегерегине сулуу кыздарды ээрчитип алып өзүн мачо сезип жүрүүнү жактырат” деген кептер эл арасында кеңири тараган. Чындыгында эле Орусияны жердеген бир канча кыздар Ивандын болочок жубайы экендигин жар салышып, ал үчүн бири-бири менен тытышкан күндөрү да болгон. Ал эми Ивандын өзүнүн айтымында, чынында эле анын жүрөгү дайыма бош эмес. “Бүгүн сүйлөшкөн кыздарымдын бири менен кош айтышсам, ошол эле учурда башкасын сүйүп калуу жөндөмдүүлүгүм бар. Кыздар үчүн, сүйүү үчүн кыйналган да эмесмин. Бирок, мунун баары мага чыныгы сүйүүнүн келе электигинен кабар берсе керек. А эгерде чын сүйүүмдү тапсам, аны эч кимге жана эч нерсеге алмашпайт элем”,- дейт бул тууралуу Иван Ургант.
Ивандын буга чейинки эң чоң сүйүүсү «MTV» каналындагы кесиптеши Татьяна Геворкян болгон. Бул сүйүшкөн жуптар үч жыл жакын мамиледе жүрүшкөндөн кийин кайра ажырашып кетишкен эле. Алтургай расмий түрдө баш кошушпаса да чогуу жашашчу. Эмне үчүн ажырашкандыктарын өздөрү айтуудан баш тартышканы менен кээбир маалыматтарга караганда, алардын ортосундагы мамилени сууткан башкы себеп бул – Татьянанын башка бир бизнесмендин үйүнө көчүп кетиши эле. Ал гана эмес, “Иван Татьянаны катуу сүйгөн­дүктөн аны жаңы жан шериги болгон бизнесмендин үйүнө чейин издеп барып, көзүнө жаш алган” деген маалыматтар да бар. Иван Татьянадан кийин элитанын эрке кызы болгон Ксения Собчак менен да жакын мамиледе жүргөн эле. Тилекке каршы, бул түгөй­лөрдүн да кол кармашкан келечегине чекит коюлуп, кийин Ивандын жаңы курбу кызы актриса Эмилия Спивак тууралуу кептер чыга баштады. Ал экөөнүн мамилеси бир тасмага чогуу тартылуудан кийин башталган. Мындан тышкары, “Иван менен ырчы кыз Земфира жакында үйлөн­гөнү жатышат” деген маалыматтар тараган болчу. Бирок, былтыр Ивандын жашыруун үйлөн­гөн­дү­гү, ал эми мындан бир нече ай мурун анын балалуу болгондугу тууралуу да такталбаган кабарлар тараган эле. Бирок, өзү бул маалыматтарды тастыктаган кабар тарата элек. Эң негизгиси, Ивандын учурда сүйгөн кызы бар экендиги анык.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 284, 11-17 апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан