Күйөрмандары улуу муунду да, кичүү муунду да камтыган ырчыларды таптап чыгарган продюсер Канат Култаев машиналуу болду. Бир жолу ырчы Урмат болуп кетип баратышып жол кырсыгына кабылган. Өздөрү эч нерсе болбогону менен машина бир топ эле былчыйып калган. Ошондон кийин Канат машина алгысы келгени менен айдагандан коркуп жүргөн. Мындай коркуу сезимдеринен акыры арылып тынган Канат жакында эле Мерседес -600 үлгүсүндөгү кара-көк түстөгү машина алды.