Жанета Испанияда июль айында өтө турган «Вон Вояж» эл аралык конкурсуна жолдомо алды. Ал жолдомо Кыргызстандын медиа-эксперттерине келип түшкөн. Алар эстрада ырчыларынын арасынан Жанетанын талантын баалап, жолдомону ыйгарышкан. Конкурстун талаптарына ылайык ырчы үч ыр аткармакчы. Эки баласын тең Шамалды-Сайга ата-энесине жөнөткөн Жанета учурда конкурска даярдык көрө баштады.