25-май дегенде ак бантикчен, кара костюмчан кыз-жигиттердин коңгуроо кагып, мектеп менен кош айтышкысы келбей турган көз караштары элестейт. Бул жылы шоу-бизнесте аты белгилүүлөрдөн Айя Садырова, Аида Кулуева, Айжамал Кабылова, Замир Мырза, Айдай Самиева 10 жылдыкка барышат. Ал эми 20 жылдыкка Назгүл Насиева, Роза Амановалар барып, сагынган классташтары менен жолугушат.