Ташкент кызы Гүл кайда дейсизби? Ырчы кыз бешик терметип отурат. Бешик терметүү бакытына 1-май күнү эле ээ болгон. Бирок кайын журту “баланын кыркы чыкмайын эч кимге айтпа” деп келинине эскертишкен. Ырчы ошондуктан 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн кызын эч кимге сүйүнчүлөбөй отурган. Өзүнүн туулган күнүндө эне болгон Гүлдүн ымыркайына кайненеси Раяна деген ысым ыйгарды.