Кайрат Примбердиев бир үйдүн жалгыз эрке баласы. Ата-энесинин үйлөн дегени, жаш курагынын да келип калгандыгы, анын үстүнө, сүйүүгө кабылгандыгы биригип отуруп Кайратты үйбүлөлүү адамга айландырды. Жакында эле бир көргөндө сүйүп калган кызы Айзадага сөйкө салган Кайрат Чүйгө күйөө бала болду. Ырчынын келинчеги сахнага чыкпаганы менен, борбордогу кафелердин биринде ырчы болуп иштейт. Азырынча чоң той болчу күн белгилене элек.