«Супердин сулуусу-2» сынагынын жеңүүчүсү Чинара Керимкулова Анталияда практикада жүргөнүнө карабастан, Бишкекке биртууган сиңдиси Жаркынайды колдогону келип кетти. Чинаранын сиңдиси Жаркынай “Мини мисс-2009” сынагына катышып, “Мини мисс ажары” наамын жеңип алды. Эми Москвада өтүүчү эл аралык сулуулар конкурсуна катышмакчы. Эмне демекчибиз, кыргыздын сулууларына ийгилик каалайбыз!