Ырчы Ынак Осмоналиев сүйүктүү жеңелерине арнап “Жеңе” деген ыр жаздырган. Бул ырга клип тартууну пландаган ырчы сулуу келин издеп жүрөт. Клипти киндик каны тамган кичи мекени Талас облусунун Арал айылында тартмакчы. Жакында өкмөттүн өкүлдөрү менен жылдыздар футбол ойношкон эле. Оюнда Ынак тайгаланып жыгылып колун сындырып алган. “Сулуу келин табылса, гипстелген колума карабай клип тартат элем” деген ырчы учурда келиндерден көзүн албай жүргөн кези.