Күндүзү базардагы кампада иштеп, кечкисин шаардагы спорт клубда таэквандо менен машыгып жүргөн төрт баланын түнкү жашоосунан эч кимдин кабары жок эле. Балким, бир окуя болбогондо алардын кылмыштары ачыкка чыкпай, шаарда болсо каракчылардан жабыркагандардын саны көбөйө бермек беле, ким билет. Эр жигиттин талуу жери аялзаты боло келгендей, алардын биринин жашоосуна да аялзаты аралашты. Көңүлүнөн түнөк тапкан кызга жардам бермекчи болгон ал жигит колго түштү. Кесепеттүү иштеринен бушайман болгон ал суракта кылмыштуу түнкү жашоолорунун пардасын ачып берди.
Тергөө
– Аты-жөнүң?..
– Качкеев Алмаз.
– Жылың?..
– 1983.
– Жердигиң?..
Кылмыш иликтөөчү тизилип турган жигиттердин аты-жөнүн сурап жазып жатты. Бул үчөөнү бир нече ирет адамдарды тоногон деген шекте бир саат мурун кармап келишкен. Бөлүмгө алып келгенден тартып суракка ала башташты. "Сабаса да, кыйнаса да эч нерсени моюнга албайбыз",- деп келип алышкан алар кылмыш иликтөөчүлөрдүн берген суроолоруна таптакыр түшүнбөгөн адам болуп жатышты.
– Жакшылыкча кылган кылмышыңарды өзүңөр тизмектеп айтып берип, тоногон буюмдарды кайда катканыңарды көрсөтүп бергиле. Сотто "өз эрки менен күнөөсүн моюнга алды" деп силерге жеңилдик болот.
– Эмнени айтып жатканыңызды чын эле түшүнбөй жатабыз. Биз күндүз базардагы кампада иштеп, кечкисин машыгууга барабыз. Машыгуудан чарчап келип эле жатып...
Кулак түпкө тийген соккудан тергөөчүгө жооп берип жаткан Темир чалкасынан кетти. Анын шериктеринин муштумдары заматта түйүлө түштү.
– Ии, түнкүсүн элге көрсөткөн ыкмаларынан көрсөтөлү деп турасыңарбы? Айтып коёюн, дагы ушинтип былжырачу болсоңор...
Карыша түшкөн жаагын ушалаган Темир ичинен: "Кызыл шапке экендигиңден аман калдың. Болбосо сага окшоп сөлдүрөгөн бирөөнү эчак эсин оодара чапмакмын",- деп тиштери кычырап турду. Бирок, ачык каршылык көрсөтүүгө айласы жок эле.
– Ии, катуу тийдиби? Эчтеке эмес, алсыз адамдарды сабап көнгөн сендейлер бир да соккуга кың дебей чыдап коюшса болот. Жигиттер, менин билишимче, силер үчөөңөр эмес, төртөөңөр чогуу жүрсөңөр керек эле. Төртүнчү шеригиңер кайда?
Көшөрө жер тиктеген үчөөнү сыдыра тиктеген кылмыш иликтөөчү босогодо күзөтүп турган жигитке ээк шилтеди. Унчукпай чыгып кеткен ал бир аздан соң колдору артына кайрылган Чыңгызды алып кирди. Аны көрүп, үчөөнүн көздөрү чанагынан чыга жаздап туруп калышты.
– Кана, Керимов, мобул досторуңдун көзүнчө кылган кылмыштарыңарды кайра бир баштан айтып берчи?!
"Бүттү, күнүбүз бүттү!" Айласы куруй Чыңгызды тиктеген Темирдин көз алдына тоноочулукка түрткү болгон биринчи окуя, андан соң уланып кеткен кылмыштар келди...
Биринчи каракчылык
Машыгуудан чыккан достор көчөнү жаңырта каткырып келе жатышкан. Аңгыча караңгы бурчтан чыккан бирөө буларды көздөй басып келди.
– Тамеки барбы, жигиттер?
Төртөө тең тамеки тартышчу эмес. "Тамеки жок эле" деген кепти тигил башкача кабыл алды.
– Эмне, баарың тең молокососсуңарбы?
– Эмне-е?
Чыңгыздын бир соккусунан тамеки сураган жигит учуп түштү. Арыда анын жоон топ шериктери бар экен. Алар чуркап келип, заматта чаң-тополоң, мушташ чыгып кетти. Ичип алышканбы же баңгизат чегип алышканбы, айтор, көптүгүнө карабай караңгы бурчтан чуркап чыга калгандар бат эле сулап калышты. Бирөөсүнө эңкейген Темир анын телефон чалганы жатканын байкап калып, колунан уюлдук телефонун жулуп алды. Аны көргөн шериктери үн-сөзсүз жерде сулап жаткан балдардын чөнтөктөрүн аңтарып, телефон, акчаларын алып коюшту. Карап көрүшсө, эки миң сомдой акча, беш телефон алышкан экен. Телефондорду эртеси базарга алпарып, тааныштарына өткөзүп салышты. Бул окуя унутулуп баратканда дагы бир ирет киши тоношту...
Ал күнү кафеге барышкан. Бат эле татынакай эки кыз менен таанышып, аларды столго чакырып, чогуу бийлей башташкан. Бири-бирине алдыртан көз кыскан достор кыздарды кафеден чыккан соң батирге алып барып, түнү бою көңүл ачмакчы болуп сүйлөшүп алышты. Ушул максат менен кыздарга сыра, арак аралаштыра шыкап жатышты. Бирок, кыздар алардан да амалдуу окшобойбу, бири тамеки тартканы, бири дагы бирдемени шылтоолоп тышка чыккан боюнча жоголуп кетишти. Аңгыча тыпылдаган официант келип кыздардын ичкен тамагына кошо акчаны төлөтүп алды. Ошентип, жандары кашайып келе жатышкан төртөө экинчи ирет киши тоношкон. Караңгы көчөдө алардын алдынан шашып бараткан эки кыз чыгып калды. Тигил кыздардын алдап кеткенине жаны кашайып келе жаткан Чыңгыз биринчи болуп кол салды. Көз ирмемдин ичинде кыздарды жерге томолоткон төртөө сумкаларын, сөйкө, шакек, чынжырларын тартып алып, "үн чыгарсаңар өлтүрөбүз" деп коркутуп, качып кетишкен. Ошондон тартып бекер олжого кынык алышып, түн бир оокумда көчөгө чыгып, жалгыз жүргөн адамдарды тоноону адатка айлантышты.
"Жирныйларга" аңчылыкка чыгалы"
Бир күнү Темир олуттуу түр менен кеп баштап калды.
– Күчүбүздү, убактыбызды көчөдө жүргөндөргө кетирбей, акыл менен иш кылалы.
– Муну менен эмне айтмакчысың?
– Жуманын экинчи, бешинчи күндөрү базарда түнкүсүн дүң соода болот. Бул күнү көп акча менен казактар келип, товар алып кетишет. Эгер ошолорду тоносок, бир айда тапкан акчаны бир түндө таап коёбуз.
Бул сунуш баарына жагып, чогуу-чаран план түзүштү. Ошондон кийин мурункудай болуп туш келген адамдарды тоношпостон, эми акчасы көптөргө аңчылык кылууга өтүштү. Тоноо планы жөнөкөй: буйтка жерден билинбей кокусунан чыга калып, курмандыктарды эсине келтирбей өзөртө чабуу. Анан колго илинген буюмун, акчасын алып кете бермей. Өзүлөрүнүн айынан канчалаган адамдар, көбүнчө аялдар, кыздар ооруканага жатып, атүгүл бирөөсүнүн каза тапканын билишкен жок.
Ошондой күндөрдүн биринде Чыңгыз үйгө алаңдай шашып келди.
– Балдар, үйдөсүңөрбү?Бут кийимин чечпей төркү үйгө кирип келген досуна карта ойноп отурган үчөө суроолуу тигилип калышты.
– Балдар, маршруткада келе жатсам, эки аял менден "базарга жакын жерде мейманканалар барбы?" деп сурап калышты. Билем десем, "көрсөтүп кой" деп суранышты. Мен бир мейманканага киргизип коюп келдим. "Алматыдан келдик, бүгүн түнү товар алып, түнү менен кайра кайтып кетебиз" дешти. Болгула, эртерээк ошол жакка барып, кайтарып отуралы.
– Акчасы көптөй көрүнөбү?
– Ой, мейманканага кирээрде дүкөндөн азык-түлүк алышты. Жакшы эле байкадым, толтура акчалары бар.
Ошентип, ал эки аялды кайтарып отуруп, базарга жеткизбей тоноп кетишти. Элүү миң сом акча менен чыгышкан экен. "Ой-ба-ай, өлтүрдү!" деп бирөөсү кыйкырганда өзөртө чаап, буйтка жерге сүйрөп чыгып, акчасын, алтын сөйкө, шакектерин чыгарып алып кете беришти. Көңүлдөрү шат келе жаткан балдар батирге жете берээрде жалгыз бараткан аялды көрүп калышты. Ачкөздүгүн карматкан төртөө аны да тономой болуп ылдамдай басып калышты. Артынан келген бирөө капыстан кекиртектен алып муунтуп калганда үн чыгараарга чамасы келбей аял кыйылдап калды. Аялдын жанында акчасы, атүгүл шакек, сөйкөсү да жок болуп чыкты. Куру бекер убара болгонуна жини келип кеткен Темир аялды төбөсүнө эки ирет күч менен уруп алды. Алсыз үн чыгарып, шалактай түшкөн аны Чыңгыз таштай салып басып кетти. Аял кулаганда башы менен цементтин урчугуна тийгенин байкаган жок. Батирге барып, элүү миң сом, сапаттуу алтындан жасалган шакек, сөйкөлөргө ыраазы боло уктап калышкан. Түнкүсүн кандай жаман иш кылгандарын Чыңгыз эртеси билди.
"Апама бирдеме болсо, мен жападан жалгыз калам"
Бир ай илгери Чыңгыз татынакай Асел аттуу кыз менен таанышкан. Ичинде кымындай кири жок, мөлтүрөгөн бул кыз жигиттин акыл-эсин ээлеп алган. Күн сайын бир ирет аны бооруна бекем кысып алмайынча жаны жай албай калган жигит бул күнү да жумушу бүтөөрү менен шашып жөнөгөн. Асел аларга жакын жердеги дүкөндө иштечү. Бул күнү ал жумушка чыкпаптыр. Телефон чалса, "ооруканадамын" деди. Солуктап ыйлап жаткан үнүнөн эси чыккан жигит заматта ал ооруканага да жетти. Чыңгызды көрөөрү менен Асел анын моюнуна асыла шолоктоп ыйлап жиберди. "Апамды түндө бирөөлөр сабап кетишиптир. Тонойбуз деп ойлошсо керек. Дүкөнгө мага тамак алып келип берип, үйгө кеткен болчу. Жанында акча деле жок эле. Башына цементтин урчугу батып кетиптир, али эсине келе элек. Врачтар эч бир жооп айтпай жатышат. Апама бир нерсе болсо, мен жашай албайм. Мен анда жападан жалгыз калам",- деп ыйлап, жигиттин жүрөгүн зыркыратып жиберди. Эси эңги-деңги болуп үйүнө келген Чыңгыз «Аселге акча таап берүү керек» деп чечип, өзүнүн энчисине тийген эки алтын чынжыр, үч шакекти сатмакчы болуп "Ош базарына" барды. Бирок, каракчыларды издеп жүргөн милиция кызматкерлери алтын алуучу бардык жайларды сыртынан багып, шектүүлөрдү издеп жүрүшкөнүн сезбеди. Жаңы эле зер буюмдарын өткөрүп, жети миң сомду алып чыгып баратканында эки оперкызматкер кармап калды. Кесепетин ойлобой кылган жоруктарына, айрыкча Аселдин ыйлаганына бушайман болуп турган Чыңгыз оперкызматкерлерге кылмыштарынын баарын тизмектеп айтып берди.
Даярдаган Айбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков