“Жылдыздар манежде” долбооруна катышкандар ар кандай трюктарды жасап, алдыга озуунун аракетин көрүшүүдө. Жеңсем деген тилеги күч Эрмек Маматовго моралдык колдоо көрсөтүү максатында Майлы-Суу шаарчасынан апасы келген эле. Бирок ырчы апасынын долбоорду көрүшүнө тыюу салууда. “Апам менин опурталдуу кыймыл-аракетимди көрсө жүрөгү түшүп, кан басымы көтөрүлөт деп кооптонуп жатам”,- дейт ырчы.