“Миң кыял” радиосунун ди-джейи Алтын Мырзанын үнү эми “Тумар” радиосунда жаңырып жатканына күбө болуп жаткандырсыз. Бул орун алмашуунун себебин ди-джей мурунку радиосундагы жетекчиликтин жаштардын идеяларын колдобой, өздөрү менен өздөрү болуп калганынан улам деп түшүндүрөт. Сөз соңунда “Миң кыял” радиосу Чүй аймагы менен гана чектелсе, “Тумар” радиосу алыскы аймактарда да тарткандыгы мени сүйүндүрдү. “Тумардын” продюсери иштерман, идеялары көп жигит экен”,- дейт Алтын Мырза.