“Жаңы толкун” Эл аралык фестивалынын 2008-жылкы катышуучусу Омар быйыл Юрмалага конок катары чакырылууда. Бул мүмкүнчүлүккө кандайча ээ болду? Аны ырчынын өз оозунан угалы.
– Бул жылы “Жаңы толкун” фестивалы Юрмалада 28-июлдан 2-августка чейин өтөт. Мага фестивалга конок катары катышуу сунушу түштү. Сунушту аталган конкурстун музыкалык продюсери Евгений Петрович Орлов киргизди. Ал киши менен мурунку сынакта жакындан таанышып калган элем. Конок катары мен жалгыз ырдабайм. 15-июндан 20сына чейин Москвада болуп келдим. Ал жакка конкурста ырдоочу ырымды даярдоо үчүн баргам. Башкача айтканда, “Non-stop” тобунун ырчысы Елена Максимова менен дуэт жаздырдым. Бул дуэтти жакында биздин радиолордон уга аласыздар. Сиздердин www.super.kg сайтындагы медиа-порталга да алып келем.