Съездбекти мугалими көрө албайбы?

Съездбек Кочкордогу киндик каны тамган айылына барып, мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, концерт коюп келди. Мектептин учурдагы директору ырчыны жети жыл окуткан эле. Бүтүрүүчүлөрдү шаңдуу ырлары менен куттуктап жатканда директор ырчыга салкын мамиле кылып, көрүүчүлөрдү таратууга аракет кылган. Баса, Съездбек “Даткайым” ырынын клибин өз айылында тартканы эсиңизде болсо керек. Ошондо клипке буюмдарды мектептин музейинен алган эле. Директор “эмне аласыңар?” деп анда да жаман көргөн. Ушул барышында да директор ар кайсыны айтып, Съездбектин маанайын бузганы менен ырчы “келаткан жаңы окуу жылында 30 даана Алиппе китебин белек кылам” деп сөз берип кайтты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан