Буга чейин машина жалдап гастролго чыгып, жол азабын тарткан “Кеңеш” тобунун жетекчиси Мүзүр жакында бир эмес, эки машиналуу болду. Биринчи сатып алган Ауди үлгүсүндөгү темир тулпарын келинчегине белек кылды. Ал эми экинчи Мерседес үлгүсүндөгү машинасын ырчы өзү айдап жүрөт.