Микаэль жарандык никеде жашайбы?

“Гламурный” ырчыбыз Микаэль учурда ботала болуп тердеп-кургап, шыбак тартып, өзүнүн үйүндө оңдоо иштерин жасап жаткан учуру. “Буга чейин ак кол болуп, жалаң клубдарда эс алып жүргөн ырчыга мынчалык эмне болуп кетти экен?” деп ырчыны аяп да кеттик. Баса, жел болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын. Микаэлдин тааныштарынын айтымында, ырчы жарандык никеде жашап жатыптыр. Үйүн оңдой баштаганына караганда той алыс эместей. Балким, бул жакында эле кол үзгөн сүйгөнүн унутуунун аракетиби, ким билет?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан