ҮЙ ЭЭСИН ӨЛТҮРГӨН СТУДЕНТ КЫЗ

Токко урунуп каза тапкан орус кемпирди жаш кыргыз кызы жерге берди. Өзү жалгыз чуркап табыт алып, көрүстөндөгү жайга акча төлөп жүргөн жаш кызга маркумдарды тейлөө бюросунда иштеген кызматкерлер таңданып жатышты. Бул кыз кемпирдин үйүндө батирде турган студент экен. Эч кимиси жок жалгыз карыны акыркы сапарга сыйы менен узатып, сооп иш кылганы үчүн аны кошуналары алкап да жатышкан. Бирок, үч айдан соң бул үйгө кылмыш иликтөөчү­лөр келип, кыздын колуна кишен салып алып кетишти.

"АНЫ ӨЛТҮРҮП КОЮШТУ"
Нөшөрлөп жамгыр жаап жаткан күнү райондук милицияга арыкчырай орус аял келди. Экинчи кабатка көтөрүлгөн аял кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Курманкуловдун кабинетине башбакты.
– Мен сизге бир маанилүү ишти айтмакчы болуп келдим.
– Айта берсеңиз болот.
– Билесизби, биздин кошунабыз Даша апа жакында каза тапты. Жашы сексенге келип калган кары болчу. Ошентсе да баскан-турганы тың эле.
– Кечиресиз, маселенин ток этээр жерин айтсаңыз?
– Мен Даша апаны өлтүрүп коюшту деп ойлойм. Ал эмес, шектүү адамды да билем.
– Ушундай деңизчи?! Даша апа дегениңиз ким? Ал биздин аймакта жашачу беле?..

КЕМПИР ҮЙДҮ ӨТКӨЗҮП БЕРГЕН СОҢ КАЗА ТАПКАН
Бөлүм башчынын кабинетиндеги ушул кыскача сүйлөшүүдөн соң кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Карымов токко урунуп каза тапкан Дарья Иванова тууралуу маалыматтарды чогулта баштады. Ишти баштагандын эртеси күнү эле Карымов бөлүм башчынын кабинетине шашып кирип келди.
– Шеф, кечээ келген аялдын күмөнү бекеринен эмес окшойт.
– Шектүү бир нерсе байкап калдыңбы?
– Каза тапкан кемпирдин эч бир жакын тууганы жок экен. Жанагы студент кыз аныкында үч жылдан бери батирде жашап келе жатыптыр. Кемпир каза табаардан аз күн мурун үйүн ал кызга өткөрүп бериптир.
– Эмне, документтерди кыйнап жаздырыптырбы?
– Жок. Бир кошунасынан сурамжылап, көп нерсени билдим. Кемпир: "Үч жыл бою мени баламдай асырап бакты. Эми көз жумуп кете элегимде үйдү ушул кызга өткөзүп коёюн. Эртең кайдагы бир алыс туугандар келип үйдү талашып жүрүшпөсүн. Тирүүмдө бир кайрылып каралашпаган алар көзүм өткөн соң мага тууган болуп чыга келүүлөрүн каалабайм",- деп үйүн кызга өткөзүп бериптир. Ошондон бир жума өткөн соң кемпир каза тааптыр.
– Бул жерде шектенүүгө далилдүү негиз жок.
– Бирок, шеф, мен толук айтып бүткөн жокмун.
– Ии, анда айта бер.
– Мага кыздын үйүнө суу кайнаткыч, плитка алып келгени шектүү туюлууда.
– Та-ак, бул кебиң кызык экен.
– Үйдү документтештирип бүткөн соң ал кыз үйүнө суу кайнаткыч, плитка сатып келиптир. Кошунасы менен короодо кобурашып отуруп Даша апа: "Айжан кечээ суу кайнаткыч, плитка сатып келиптир. "Эмне кылат элең буларды?" десем, "жакында шаар боюнча ысык суу өчөт, сизди кыйналып калбасын деп алып келдим" дейт. Балам болсо ушинтип мага кам көрөөр беле, жокпу, билбейм",- деп айткан экен. Демек, бул кыз баарын алдын-ала пландаштырган. Шаарда ысык суу өчкөн учурдан пайдаланмакчы болгон.
– Ал кыздын атын ким дедиң?
– Айжан Айдаралиева, жогорку окуу жайынын студенти.

"МЕН ЭЧ НЕРСЕНИ БЕКЕРИНЕН ЖАСАБАЙМ"
Бөлүм башчынын буйругу менен лейтенант Карымов эми Айжандын окуу жайына жөнөдү. Төртүнчү курстун студенттери менен таанышып, акырындап Айдаралиева тууралуу маалымат чогултуп жатты. Курсташтары "президенттик стипендия алат" деп айтышты. Сурамжылап отуруп бул кыздын өзүнүн кызыкчылыктарын гана эң биринчи планга коёорун, башкалардын маселеси, кайгысы менен кымындай иши жоктугун билди. Сураштырып жүргөнүндө Айжандын бир курсташы ал тууралуу кызыктуу маалымат айтып калды: "Айжанды деги түшүнүп болбойт. Бекер жатаканадан баш тартып, батирге чыгып кетти. Стипендиясынан тышкары, түнкүсүн дарыканада иштеп акча таап, ошону менен жашайт. Анысы аз келгенсип, батирдин кожойкеси кары кемпир экен, аны да багып жүрөт. "Ашыкча баш ооруну эмне кылат элең? Жатаканада деле ысык суу, газ, душ бар эмеспи" деп сурасам, "Лёша, мен бекеринен ал кемпирди багып жаткан жокмун, мен эч нерсени бекеринен жасабайм" деп көзүн кысып коюп кетип калды. Бирок, кебине түшүнбөдүм",- деди. "Сен түшүнбө­сөң, мен түшүндүм. Айжан сага "кемпир үйүн мага өткөзүп берген соң жайлап таштайм" деп кыйыткан." Ичинен ушуларды ойлогон лейтенант түз эле милиция бөлүмүнө келди. Бөлүм башчыга кирип, чогулган маалыматтары, түкшүмөлдөрү туурасында айтып, маркумду эксгумация кылдыруу чечимине келишти. Ал үчүн прокуратурадан уруксат алуу керек болчу. Көп өтпөй ал уруксатка да ээ болушту.

КЫЛДАТ ОЙЛОНУЛГАН КЫЛМЫШ
Бул учурда Айжан шашылыш үйдү сатуу үчүн кардар издеп, окуусуна да барбай жүргөн. Бул үйдө жашап, көңүлү тынч албасын билип, кылмышы ачылып кала электе бул жерден из суутуп кетүүнү чечкен эле. Базардагы радиотүйүнүнө барып, "шашылыш түрдө эки бөлмөлүү үй сатылат" деп жарыя берип, кардар тапты. Өзү менен кошо келип үйдү көргөн киши алдын-ала күрөө акы таштап, калган сумманы документтештирүү башталган кезде берээрин айтты. Желкесинен оор жүктү оодарып таштагансып жеңилдене үшкүргөн Айжан ваннадагы жылуу сууга кирип, магдырап жатып калды. Көзүн чала жумуп уйкусурап бараткан кыз "дирт" эте ойгонуп кетти. Көз алдына Даша апанын акыркы мүнөттөрү келген эле...
Ал күнү Айжан "бүгүн ишти бүтүрүшүм керек" деп өзүнө сөз берип келген. Айжанды көрүп кубанган кожойке чай куя кетти.
– Келегой, кызым, сага арнап ичине быштак салып блинчик бышырып койдум.
Калтылдай баскан кемпир тарамышы көгөрүп көрүнгөн колдору менен Айжандын алдына блинчик коюп, чай куюп берди. Демейде жаркылдап турчу Айжан азыр бир чекиттен көз албай ойлуу эле.
– Сизди бүгүн жуунтуп койбосом, эми эки күн бою колум бошобойт. Мен азыр суу жылытып, ваннаны толтурам.
– Тамагыңды жебедиң да, кызым.
Артынан сүйлөгөн карынын кебине кулак салып да койбогон Айжан ванна толгуча унчукпай сууну тиктеп тура берди. Калтылдап баса ваннага келип, кызга сүйөнө эптеп чечинип сууга кирген кемпир артында үн-сөзсүз турган Айжанды "дене сүрткүчтү самындап жаткан экен" деп ойлоп отура берди. Өңүнөн кан-сөлү качып, купкуу болгон кыз колуна токко туташтырылган суу кайнаткычты кармап турган. Ошол калыбында көзүн ирмеп да койбой, жай гана суу кайнаткычты сууга таштап койду. Ары карап сууда отурган кары кемпир эмне иш болгонун аңдап билүүгө жетишпеди. Бүткүл денеси диртилдеп, саамга калтырап-титиреп туруп, анан тынчып жатып калды. Кудум эч нерсе болбогондой бир топко чейин карап турган Айжан анан барып суу кайнаткычты токтон сууруду. Ваннадагы сууну агызып, шалактаган денени аарчып, кийинтип, жерге жаткызып, бутуна токко сайылган суу кайнаткычты таштап койду. Мындай картинаны көргөн адам "карыган кемпир суу ысытам деп суу кайнаткычты токко туташтырып, анан аны чакадагы сууга салам деп жатып кокустан калдастап чалынып, аны басып жыгылган экен" деп ойломок. Ваннадагы көрүнүштү сыдыра тиктеп, баары ойдогудай жайгашканына көзү жеткен соң гана Айжан суу кайнаткычты сууруп, подъездди башына көтөрө бакыра баштады. Кыйкырыктан улам заматта подъезддеги кошуналар чогулуп калышты. Экөө алактап Даша апаны залга алып чыгышса, бирөө Айжанга суу ала чуркап, чакчелекей түшүп калышты. Бир аздан соң өзүнө келе баштаган кошуналар сотмедэкспертизага чалуу керектигин айта башташты. Бул кепти укканда Айжандын жүрөгү оозуна тыгылып кала жаздады. Көрсө, кошуналары сотмедэкспертизага Айжандан шек алган үчүн эмес, маркумга өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алуу керектигинен улам чалышкан экен. "Сотмедэкспертизанын жыйынтыгын алмайынча күбөлүк берилбейт" деп айтышкан соң Айжан бир аз өзүнө келди. Көп өтпөй жетип келген экспертизанын кызматкери маркумдун суу кайнаткычка күйүп калган бутун саамга карап, башын чайкады. Анан баракка бир нерселерди чиймелей салып, ал баракты Айжанга сунду да кете берди. Бул кемпирге окшоп карыганда жалгыз калып, кырсыктап каза тапкан карылардын далайын көргөн неме жапжаш кыздын кылмышынан кымындай да шек алган жок. "Ашыкча эле жароокерленип, ичи-коюнга кире берет" деп Айжанды жактырбай жүргөн кошунасы Мария гана башын жерге салып, ыйлап отурган кызга шектүү карап турду.
Маркумду акыркы сапарга узатуу түйшүгүн көтөргөн кыз кошуналарынын алкоосун угуп, сыртынан капаланган түр көрсөткөнү менен ичинен "кутулганыма шүгүр" деп жыргап жатты. Бирок, Даша апаны жерге берген соң уйкусу качып, өзүн жаман сезе берди. Акыры бул үйдө көңүлү тынч жашай албасын сезип, үйдү сатып, башка жактан жаңы үй алып, кылмышын дайыма эстетип тураар бул жерден эртерээк кетип калмай болду. Атүгүл башка райондон үй караштырып, кожоюну менен макулдашып келди. Бирок, канчалык жанталашпасын, максатына жетпеди. "Бүгүн үйдү алуучу кардар келет. Документтерди бүтүрсөк, акчаны берет. Анан мен алуучу үйдүн ээсине акчаны алып барып берем",- деп отурган жеринен милиция кызматкерлери келип, кармап кетишти. Ал алгач эч нерсени түшүнбөгөн түр көрсөтүп жаткан. Качан гана сөөктүн эксгумация кылынгандыгын, кайрадан соттук медициналык экспертиза өткөрүлгөндүгүн, жыйынтыгында, Дарья Иванованын кантип каза тапканы аныкталгандыгын билген соң шалдырап отуруп калды. Ал күнөөсүн моюнга албаганга аргасы жок эле.

Даярдаган Айбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 285, 18-24-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан