“Кыз-Бурактын” улуусу, сулуусу Кенже Дүйшеева учурда тойго камынып жатат. Өзүнөн кичүү иниси “үйлөнөм” деп эжекесине жакында эле болочок келинчегин тааныштырган. "Иним качан келинчек алат?" деп көптөн бери ушул күндү күтүп келген ырчы эми келининин колунан чай ичет. Ошентип, алдыда болчу үйлөнүү тойдун көркүн Кенже өзү айткандай, "Кыз-Бурак" тобу ачмакчы.