АТАКТУУЛАРДЫН БААЛУУ ЖАСАЛГАЛАРЫ

Адам баласынын ар кандай жасалгаларга болгон кызыгуусу алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдар колдонула баштагандан тартып пайда болгон. Ошондон бери көпчүлүк үчүн баалуу жасалгалардын орду чоң. Мындай кызыгуу дүйнөгө аты таанылган белгилүү жылдыздардын айрымдарында да бар. Алардын бири “баалуу жасалгаларымды тиги дүйнөгө ала кетем” десе, экинчиси өз бактысын да ушул баалуу таштарга байланыштырат...

МАДОННА ЖАСАЛГАЛАРЫН ТИГИ ДҮЙНӨГӨ АЛА КЕТЕТ
Баалуу таштар менен кооздолгон ар кандай жасалгаларды сүйгөн атактуу жылдыздардын эң башкысы катары Мадоннаны айтууга болот. Анын мындай баалуулукка берилип кетишине таежеси түрткү болгон. Себеби, ал биринчи болуп Мадоннага 12 жашын белгилеген туулган кү­нүндө кичинекей көзү бар алтын иймек белекке берген. Ошондон бери Мадонна баалуу жасалгаларды сатып алуусун токтоткон эмес. Бирок, кээде ырчы муну өзүнүн кемчилиги катары карайт. Анткени, ал үчүн өзү сүйгөн бермет таштары жок жашоо кызыксыз. Ырчынын эң баалуу жасалгасы – 18-кылымда жасалган ак жана күрөң бермет таштары менен кооздолгон иймектери. «Мунун баасы чексиз. Аны эч убакта сатпайм. Керек болсо тиги дүйнөгө да ала кетем деген үмүтүм бар»,- дейт бул тууралуу ырчы. Ал эми Мадоннанын белгилүү Голливуд жылдызы Мэй Уэсттен калган баалуу жасалгасы 15 миллион доллар турат. Андан тышкары, бриллиант таштары менен кооздолгон 10 миллион доллардык узун сөйкө­лөрүн да айта кетпесе болбос. Ошондой эле ак алтындан жасалып, бриллианттар менен кооздолгон эксклюзивдүү кишен түрүндөгү сувенири бар экендиги да маалым.

ПЕНЕЛОПА КРУЗДУН БААЛУУ ЖАСАЛГАЛАРЫНЫН САЛМАГЫ 1,5 КИЛОГРАММ
Белгилүү актриса Пенелопа Круз: «Мен жасалгаларга жакын эмесмин»,- деп айтып келет. Бирок, анын баалуу жасалгаларга жакын экендигин көпчүлүк 2005-жылдан тарта азыноолак биле башташты. Анткени, Пенелопа дал ошол жылы «Damiani” зергер буюмдарын чыгарган дүйнөлүк компаниянын 100 көздүү майда бриллиант таштары менен кооздолгон эксклюзивдүү билерик сатып алган эле. Ошондон кийин актрисанын баалуу жасалгаларга кызыкдар экендигин билген журналисттерге Пенелопа жакында эле: “Менин зер буюмдарымдын көп экендигин жашырбайм. Бирок, алардын көпчүлүгү сиздер ойлогондой өтө деле кымбат эмес. Ал эми кымбат таштар менен кооздолгон жасалгаларымдын баарынын салмагы болгону бир жарым килограммдай эле”,- деген кабар таратты. “Актрисанын эң баалуу жасалгаларынын салмагы болгону бир жарым килограмм болсо, анда жөнөкөй эле алтын сыяктуу жасалгаларынын саны канча болду экен?” деген суроо туулат экен.

ЛОЛИТА ЖАСАЛГАЛАРЫ МЕНЕН КОШО ТУМАР ТАШЫН ДА УУРДАТКАН
Орусиянын белгилүү ырчысы жана телеалпаруучусу Лолита да зер буюмдарын сүйгөн атактуулардын катарында болчу. Бирок, мындан бир топ жыл мурун анын бул кызыгуусуна чекит койгон окуя болуп өткөн. Ага чейин Лолита азыраак өлчөмдөгү бермет, бриллиант, изумруд таштары менен кооздолгон ар кандай зер буюмдарын чогултуп келген. Аларды кээде гана чоң-чоң мааракелерде эл алдына тагынып чыкпаса, уурдап кетет деген коркунучтан улам көп тагынчу эмес. Бирок, тилекке каршы, бир канча жылдан бери чогулткан жасалгаларын үйүнөн уурдатып жиберген. “Алардын арасында тумар туткан бермет таш менен кооздолгон төшкө тагынуучу жасалгам да бар эле. Кээде Александр менен ажырашып кетүүмө мүмкүн, тумарымды жоготуп жибергеним түрткү болсо керек деген ой кетет. Мунун артынан бактымдан да ажырадым окшойт”,- дейт бул тууралуу Лолита.

КРИСТИНА ОРБАКАЙТЕ ЖАСАЛГАЛАРДЫ КИРЕГЕ АЛАТ
Кристинанын экономикалык жактан бай жылдыздардын катарында экендигинде талаш жок. Андыктан, сахнага тагынып чыккан жасалгаларынын баары алмаз, изумруд, бермет же болбосо бриллиант таштары менен кооздолгон десе, ар бирибиз ишенебиз. Таңкалыштуусу, Кристина баалуу таштарга, жасалгаларга анча кызыга бербейт экен. Ал эми анын кээбир чоң концерттерде сахнага тагынып чыккан жасалгаларын ырчы киреге (прокатка) алат. Бирок, Кристина ал жасалгаларынын киреге алынганын ачык айтпаса да “мен баалуу таштарга жана жасалгаларга кызыкпайм” деген билдирүү жасаган эле.

ЭМИНЕМ БРИЛЛИАНТ ЧАПТАЛГАН СПОРТТУК БУТ КИЙИМ КИЙЕТ
Мындай баалуу буюмдар жана жасалгалар бир гана айымдарды кызыктырбастан, эркектердин да көз жоосун алат. Мисалы, белгилүү рэп ырчысы Эминем 15 миллион доллардык алтын саат тагынат. Бул саат Эминем үчүн бир гана керектүү буюм жана жасалга эмес, тумар катары да кызмат кылат. Андан тышкары, ырчынын 8 баалуу алтын сааты, 12 моюнга, 3 колго тагуучу кымбат чынжырчалары жана бир топ майда иймектери бар. Колго тагуучу чынжырчаларынын бири бриллиант таштары менен кооздолгон жана муну жубайы Кимберли Мэтерс туулган күнүнө белекке берген. Ошондой эле ырчынын рубин жана бриллиант таштары чапталган спорттук бут кийими бар. Муну менен Эминем өзү чыгарып жаткан бут кийимдер линиясын жарнамалаган. Бирок, журналисттерге ырчы бул бут кийимди сувенир катары жасаттырганын жар салган болчу.

ЖЕННИФЕРДИН ЖАСАЛГАЛАРЫ ҮЧҮН АДАМ ӨМҮРҮ КЫЙЫЛГАН
Ырчы жана киноактриса Женнифер Лопестин эң арзан жасалгасы 2 миң доллар турат. Ал эми алардын эң кымбатынын баасы туурасында Женнифер элге жар салуудан баш тарткан. Себеби, 2003-жылы актрисанын баалуу жасалгаларын уурдап чыккан эки кылмышкер бири-бирин атып өлтүргөн эле. Буга өзүн күнөөлөгөн актриса мындан ары өзүнүн байлыгы туурасында жар салууну токтоткон. Ошентсе да актрисанын эл көзүнө алып чыккан эң баалуу буюму катары анын чанда кездешүүчү бермет таштары менен кооздолгон көйнөгүн айтууга болот. Бирок, актриса бул көйнөк үчүн канча акча сарптаганын айткан эмес. Бир гана белгилүү болгон маалымат, көйнөк баалуу таштар менен кооздолуп, кийин аны дүйнөнүн эң бай адамдарынын бирине саткан. Андан түшкөн каражатты кайрымдуулук катары жетим балдар үйүнө которгон.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 285, 18-24-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан