Алмазбек Раимкулов ширин кыздуу болду

Кубанычы коюнуна батпаган мушкерибиз Алмазбек Раимкулов: “Сүйүнчү, кыздуу болдум!”- деп интернет аркылуу АКШдан кабарлады. Спортчу ата-энеси менен кеңешип, наристеге Малика деген ысым ыйгарды. Малика Голливуддун жылдыздар аллеясынын жанында жайгашкан төрөт үйүндө 3,7 килограмм салмакта төрөлдү. Мушкер бул тууралуу: “Кызыбыздын төрөлгөнүнө 2 жумадан ашты, американча аты – Сандра. Апасына караганда көбүрөөк мага окшошуп кетет. Эми сүйүнчүсүн Кыргызстанга барганда бересиңер”,- дейт.
Алмазбектин айтымында ал мекенине келмекчи болуптур. Анан дагы “мени президентибиз чакырып жатат, бирок анын кол алдындагы айрым адамдар буга каршы болууда. Алардын атын атабай эле коёюн, алар мени ажобузга жаман көрсөтүүгө аракет кылып жатышат” деп билдирди Алмазбек Раимкулов. “Профессионалдык боксто кыргыздын туусун желбиретип жүргөн атактуу спортчубуздун өз мекенине келүүсүнө ким каршы чыгууда?” деген суроо ойлондурбай койбойт экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан