Ырчы Дайыр Исмадияров туулган күнүн 16-июлда белгиледи. Туулган күнүн сахналаштары, жакын-достору менен өзгөчө белгилемек болгон ырчынын планы капыстан өзгөрүп кетти. Башкача айтканда, апасынын жанында өткөрүүнү каалаган Дайыр туулуп-өскөн кичи мекенине жөнөп кеткен. Уулунун куштарды жакшы көрөрүн билген апасы Дайырга эки тоту куш белекке берди.