Кыргыз улутунун маданий, руханий жана материалдык баалуулуктарын калыптандырып, көөнөрбөс дөөлөттөрдү бүтүн дүйнөгө жайылтууну максат кылган «Кыргыз Ордо» маданий-өндүрүштүк бирикмеси, кезектеги «Салттуу музыка» фестивалын “Дасмия” маданий борборунда өткөрдү.
Иш-чарада улуттук ырлар, күүлөр, дастандар аткарылып, музыкалык аспаптардын көргөзмөсү уюштурулду. Алты бакан селкинчек салынып, улуттук оюндар менен коштолуп, кыргыз айылынын нукура үлгүсү жандуу көргөзүлдү. Ага кыргыз фольклорунун чеберлери, маданият ишмерлери, өкмөт жетекчилиги жана элчиликтер, туристтик мекемелердин өкүлдөрү катышышты.