Ырчы Эмил Балтагулов музыкалык билимге ээ беш адамдан турган эстрадалык топ ачты. “Сезим” деп аталган бул топко Эмил өзү жетекчилик кылат. Ырчы учурда жаңы түзүлгөн тобу менен Чаткал тарапта гастролдо жүрөт. Баса, ырчы гастролго ылайыктуу көп орундуу унаалуу да болгон. Эмнеси болсо да “Сезим” тобуна узун өмүр каалайлы.