Ырыскелди Осмонкулов сентябрь айында Гавайи аралына конокко барганы жатат. Ырчыны ал жактан мекендеш жеке ишкер досу тосуп алмакчы. Анан да ырчы досуна кыргыз маданиятын дүйнө жүзүнө таанытууга ылайыкташкан долбоорун сунуштайт. Эгер ал долбоор колдоого татыса, Ырыскелди профессионал музыканттардан турган ансамбль түзөт. Ансамбль түзүлүп калса, бир жылдай АКШны кыдырып концерт берүүнү пландап турат.