Бактыгүл Бадыева мындан он күн мурун сүрөттөрүн, клиптерин АКШда өтүүчү "Music Awards" фестивалына катышуу үчүн Бишкектеги уюштуруучуларга берген. Биз ырчы менен байланышканыбызда фестивалга бара турганын угуп, сүйүнүп турган экен. 15-ноябрда Нью-Йорк шаарында музыканын бардык жанры боюнча өтүүчү бул фестивалга дүйнө жүзүнөн көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Биз да ырчы кызыбызга ийгилик каалайбыз.