Түркияда өтүлүүчү мода жумалыгында кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн кийим-кечелер көрсөтүлөт. Бул чакырууга “Ассоль” мода үйү татыктуу болду. Учурда Ассоль айым Түркияда жүргөн кези. Сапардан келери менен жаны тынбаган ишкер айым латвиялык бирден-бир бут кийим чыгарган чоң ишкана менен келишим түзгөнү турат. Жакында Ассолдун ири ишкана менен биргелешип чыгарган бут кийимдерин кийип калат окшойбуз.