Белгилүү продюсер Динара Эсенгулова учурда эс алуу менен бирге ден соолугуна кам көрүп жүргөн кези. Анткени продюсердин акыркы кезде башы ооруп, кан басымы көтөрүлүп, кыскасы, өзүн ыңгайсыз сезип калган. “Жумуш деп жүрүп, ден соолугума такыр көңүл бөлбөптүрмүн. Быйыл жайкы тыныгууда дарыланууну туура таптым. Анын үстүнө, күзүндө “Улуттук хитпараддын” 5 жылдык юбилейине да чоң даярдык көрүү керек”,- дейт продюсер.