Үч жыл оңой эмес. Ошол оңой эмес жылдарды басып өткөн “Браво” теледолбоору автору жана режиссёру Канат Култаевдин, жалпы жамаатынын эмгеги менен эл оозуна алынып отурат. 3 жылдык өмүрүндө көптөгөн ийгиликке, маңдай жаркыткан сүйүнүчкө балкыган долбоордун жамаатын куттуктап келгендердин саны чын эле көп болду. 5-август күнү түз эфирде “бүгүн туулган күнүбүз” деп жаркылдаган үч алпаруучу конокторду четинен чакырып, алардын каалоо-тилектерин угуп, белектерин алып узатышты. Ооба, белек-бечкегин, каалоо-тилегин куржунга салып баргандардын арасында “Супер-Инфонун” жамааты да болду. Эфирден айткан каалоо-тилектерден сырткары да, гезит аркылуу кесиптештерге чыгармачылык албан-албан ийгилик каалайбыз.