“Имиш-имиш” деп жүрүп, акыр-аягы чындыкка барып такалат окшобойбу. “Телеалпаруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен урушуп жүрүптүр” деген кептер эл ичинде айтыла калып жүрчү. “Шамал болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын?” демекчи, “Нурзат жолдошу менен акыры ажырашып тыныптыр” деген маалыматты алпаруучунун курбуларынан уктук.