Ырчы жигит Алькамиль өзүнүн досторунун башын бириктирип, клуб ачууну чечти. Клубга “Достор клубу” деген наам берилмекчи. Мындай долбоор кыргыз шоу-бизнесинде биринчилерден болуп ачылууда. Эми клубга жаш-кары дебей, Алькамилдин чыныгы достору чогулуп, чыгармачылыкты өнүктүрүүчү кызыктуу кечелерди өткөрүп турушмакчы. Учурда уюштуруу маселелери чечилип жатат.