Жакында болуп өткөн Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин расмий эмес саммитинде биздин бир топ ырчыларыбыз обон созушту. “Любовь похожая на сон” деген ырды Жанета ырдап жатканда Орусиянын президенти Медведев да коштоп ырдаптыр. Көрсө, ал Медведев мырзанын жактырган ыры экен. Жанетанын аткаруусу президенттерге абдан жакканбы, айтор, алар кеткиче ырдап бериптир.