Ырчылык өнөрдү аркалап келе жаткан Айя Садырова учурда кино жаатында жөндөмүн сынап жаткан кези. Кубат Шамшиев аттуу режиссёрдун “Байланыш” деген тасмасында башкы каармандын ролун жараткан ырчы кызыбыздын актрисалык дараметин жакынкы күндөрү көрүп, сындай алабыз.