Буга чейин жалаң эле ата-эне жөнүндө ырдап, сүйүү темасына келгенде “скромно” кирпикти ылдый түшүрүп калган ырчы Бегимай Эсенгулова эми жигит издөөдө. Бой-келбети келишкен, саркеч жигитти элестетип алган ырчы бир айдан бери көңүлдөгүсүн таппай убара. Эмнеге дебейсизби? Өзүнө эмес, клибине жигит керек болуп жатыптыр. Ошондуктан жигиттен жигит тандап жүрүптүр.