Бактыгүл дегенде жигиттер тимеле жантыгынан жата калышат. Ал эми Алтынбек “Ак кушумду” созгондо кыздар өзүн ак куу сезип кетишет. Эми ушул эки ырчы чогуу ырдап көрүүнү чечишти. Учурда алар “Ашыкмын” аттуу ырга дуэт жаздырышууда. Баягы эле айтылып бүтпөс дастан болгон сүйүү темасына арналган бул ырды жакынкы күндөрдө уга алабыз. Бактыгүл сулуу муну менен эле чектелбей, Съездбек менен да бир ырды созолонтууну пландап жатат. Күтө туралы, уккан соң баа беребиз.