Декреттик эс алууга кеткен Назира Айтбекованын тили да, буту да тынчыбайт. Себеби жакында эле Назира өнөктөшү Алексей Филатов менен бир тойдо тамада болуп, той башкарышты. Той ээси кыргыз жигит болгону менен, келинчеги калмак кызы экен. Ошондуктан тойду эки тилде алып барыш керек болуп, Назира менен Алексейди издеп таап, тойду башкарып берүүсүн суранган. «Тойдо курсагымды карап, элдин баары аяп жатышса, мен унутуп калып эле секирип бийлеп жүрө бериптирмин. Той аягына чыккан соң ичим бир аз ооруксуна түшкөнүн байкадым»,-деп күлөт алпаруучу.