Саматтан ыр жыйнак

Самат Дөөлөтбаков алгачкы ырлар жыйнагын жарыкка чыгарды. Ырчы сахналаштары менен демөөрчүлөрүнүн башын бириктирип кече өткөздү. Кеченин алпаруучусу Микаэль келген конокторду колунан келишинче шайыр отурууга тартканы менен, Бактыгүл, Аида, Айжан, Кундуз, Айя, Зарина аттуу сулууларыбыз эмнегедир “скромно” отурушту. Эң эле узун көйнөк кийип алгандыктанбы же шампандан көбүрөөк ичип алдыбы, айтор, Нурзат Токтосунова этегин басып алып, аз жерден көйнөгү чечилип кала жаздады.
Кечеде Самат Түркияда бекер жүрбөгөнүнө дагы бир жолу күбө болдук. Дегеним, альбомго демөөрчүлүк кылгандардын негизги бөлүгү түрк туугандар экен. Кеченин кульминациясы деп Саматтын табити менен жасалган торттун бир кесимин аукционго коюп, аны 4500 сомго сатканын айтар элек. 4000 сом деп торттун бир кесимин баалаган  Бактыгүлдү зал ичинен "4500!" деген кыйкырык басып кетти. Ошентип, торт менен шампанга тойгон коноктор көңүлдөрү куунак кайтышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 356, 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан