Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ҮЙ ЧАҢЫНАН БОЛГОН АЛЛЕРГИЯНЫ КЕНЕЛЕР ПАЙДА КЫЛАБЫ?

№188 9-15-июнь, 2006-ж.


Үйдөгү чаңдын курамы эмнелерден турат?

  • Биз ар бирибиз күн сайын 12 миң литр аба менен дем алабыз. Аба менен кошо чогултканда эки аш кашык чыга турган 6 миллиард майда чаңдарды кошо жутабыз. Эми сөз үй чаңдары тууралуу болмокчу.
  • Үйдөгү чаң үй буюмдарынын: матрац, жаздык, жумшак эмерек, килем, парда, балдардын жумшак оюнчуктарынын жана башкалардын эскирип, бузула баштаганынан пайда болот.
  • Буга тамекинин түтүнү менен ашканадагы бактериялар да келип кошулат.
  • Экологдордун далилдөөсү боюнча үй чаңы көчө чаңына караганда 4-6 эсе кир жана 8-10 эсе уулуу болуп эсептелет.
  • Үй чаңында аллергендердин бү­түн­дөй тобу кездешет. Андай аллергендерге жаныбарлардын, канаттуулардын, мисалы, тоту куштун пырлары, курт-кумурскалардан, анын ичинде таракандардын бөлүнүп чыккан калдыктары, китеп, коробкалардан, үй эмеректеринен бөлү­нүп чыккан клейлерди жана башкаларды кошууга болот. Антсе да чаңдын орчундуу бөлүгүн чаң кенелери жана алар бөлүп чыгарган заттар түзөт.

Таанышып коюңуз: чаң кенеси

Чаңдын аллергияга алып келээри мурунтан маалым. Бул тууралуу алгачкы эскерүү ХVII кылымдагы нидерланддык врач Жон Баптистке таандык. Ал монахтын дайыма шыпыруу убагында деми кыстыга баштаары тууралуу жазып калтырган. Антсе да жаңы оору түрлөрү көбөйгөн ХХ кылым гана окумуштууларды чаң жана чаңдын курамы тууралуу терең ойлонууга аргасыз кылган.
1964-жылы голландиялык окумуштуулар үй чаңында кенелердин өзгөчө түрү бар экендигин таап чыгышкан. Учурда үй чаңында 150дөн ашык кене түрлөрү кездешет. Алардын эң коркунучтуусу Dermatophagoides pteronyssinus болуп эсептелет.
Биздин турак-жайыбыз болсо кенелерге ыңгайлуулукту түзүп берет. Башкача айтканда, 70-80 пайыз нымдуулук, 20-25 градус жылуулук алардын жашап көбөйүшүнө апкелет.
Кенелер аба аркылуу организмибизге кирип, аллергияны жаратат. Алар көзгө көрүнбөгөнү менен керебет, төшөнчүлөр­дө жашайт жана уктоо мезгилинде адамдын терисинин төшөнчүгө сүрүлүүсүнөн улам түшкөн теринин өлгөн клеткалары менен азыктанат.
Тоок жана башка канаттуулардын жүнүнөн жасалган жаздыктардын 1 грамм чаңында 2000ден 15 000ге чейин (!) кене кездешет. Бул денсоолугубузга коркунуч келтирип аллергияны чакырып, ал­тургай, астмага жеткирет.

Чаң аллергиясынын белгилери

Аллергияга туш болгон кичине балдар чоңдорго караганда көбүрөөк кыйналышат. Алар тынбай ыйлашып, дем ала албай, кызарып-татарышат.Чоңдордо же кичине балдарда болобу, оорунун белгилери эрте мененкисин күчөйт. Негизи, чаң аллергиясы жыл боюу кармоочу аллергия түрүнө кирет. Антсе да нымдуулук көп болгон жыл мезгилдеринде: күзүндө жана кышында оорулуулар өздөрүн жаман сезишет.
Эгер бул аллергия түрү менен ооруган адам жакшылап дарыланбаса, оору бронхиалдык астмага өсүп кетүүсү мүмкүн.

Аллергияны дарылоо

Дарыгер ооруну текшерип, диагнозун чыгарган соң, организмдин өзгөчөлүгүнө жараша дарылоо курстарын дайындайт. Дарылоо өз ичине «Димебон», «Кларитин» сыяктуу таблеткаларды, андан сырткары маздарды, ийне саюуну жана башкаларды камтуусу мүмкүн. Дарыланууда эң башкысы адам дарыгердин кеңештерин так сактоо менен өзүнө жакшылап кам көрүүсү эсептелет. Өз алдынча дарылануу оорунун оорлошуп кетүүсүнө алып келүүсүн жана колдонгон дары-дармектери башка органдарын да жабырлатуусу мүмкүн экендигин эске алуулары зарыл. Тоолордо аллергияны чакыруучу кенелер болбогондуктан, аллергиясы барлар үчүн эс алууга, жашоого ыңгайлуу экендигин эскерте кетели.

Үйдө аллергиясы бар адам болсо...

  • Үй чаңына аллергиясы бар адам жаткан бөлмөдө чаң көп топтолуучу телевизор, компьютер, килем дегендердин болбоосу керек.
  • Төшөн­чүлөр жана терезе пар­да­лары син­тетикадан жасалган болуусу зарыл.
  • Майда буюмдар жана китептер айнектелген шкафтарда туруусу шарт.

Аллергияны аныктоо

Оорунун белгилери байкалаар замат аллерголог врачтарга кайрылуу кажет. Эң негизгиси болуп оорулуунун өзүнүн качан, кантип ооруп калгандыгы жана оорусунун белгилери, үйдө көбүнчө эмнелер менен алектене тургандыгы тууралуу айтып берүүсү саналат. Андан ары терисине байкоо жүргүзүү, кан тапшыруу жана башка ыкмалар каралат. Териге байкоо жүргүзүүдө оорулуунун колунун терисинин астына же терисинин үстүнүн кичине жери тилинип аллерген тамызылат. 20 мүнөт өткөн соң жыйынтыгы байкалат. Мисалы, аллерген тамызылган жер кызарып, ыйлаакча (ичинде суу бар шишик) пайда болсо, анда аллергиянын белгиси болуп саналат.

Аллергияга кабылбоо үчүн кеңештер

  • Эскилиги жеткен кандай гана буюм болбосун, ыргытуу кажет. Чач соргучту колдонгон менен да чаңдын баарынан кутулууга мүмкүн эмес. Антсе да болушунча аракеттенип, үйдү таза кармоо кажет.
  • Үй ичин үйрөн­гөн адат боюнча сууланган чүпүрөк менен сүртүү туура эмес. Анткени, ным бууланганда аба ортосунда чаң бар суу шариктери пайда болот. Алар аэрозоль сымал ор­га­низм­ге кирип, ринитти, коньюктивитти жаратат.
  • Чаңды жүн кездеме менен сүртүү кажет. Анткени, сүртүүдө жүн электрлешип, өзүнө чаңды тартат.
  • Табигый жана синтетикалык кылдар­дан жасалган атайын шыпыргылар бар. Буларды оңой менен кол жетпей турган жерлерди тазалоого ыңгайлуу. Бирок, кайра ошол шыпыргынын өзүн тазалоо кыйыныраак.
  • Китеп менен китеп коюлуучу текчелерди трикотаждан жасалган кездеме менен сүртүү оң.
  • Төшөнчүлөрдү жылуу мезгилдерде күнгө жайып, кышкысын сыртка алып чыгып тоңдуруу зарыл. Куш жүнүнөн жасалган жаздык, матрац жууркандарды синтетикадан жасалгандарына алмаштыруу кажет.

Даярдаган Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: